Бишкекте маршруттук таксилер эртең жумушка чыгары белгисиз

Бишкек мэриясы эртең, 2-июнда маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыгар-чыкпасын айта албайт. Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча шаар башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маршруттук таксилерди караган компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Компания жетекчилери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп көрүүнү убадалашты.

Күндө  калаа ичинде каттамга 1200 маршруттук такси чыгат. Ал эми бүгүн, 2-майда 414 даана маршруттук бустар жумушка чыкты.