«Бөрк ал десе, баш албагыла». Садыр Жапаров шаар башчыларына кайрылды

Садыр Жапаров «Тынчтык мыйзамын» аткарууну көздөп, аша чаап кеткен шаар жетекчилери тууралуу оюн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал өз сөзүндө электрди үнөмдөө боюнча тапшырма туура аткарылбай, ашкере чаралар болуп жатканын белгилеген.

“Биз түнкү клубдарды жана чоң тойканаларды тартипке келтирүүнү айтканбыз. Бирок силер кафелерди, тез татым жайларын жаап, тынч отурган элди кубалап, ишкерлерге орой мамиле кылууга чейин барыпсыңар. Мындай аша чабууну токтоткула! Эң оболу мамлекеттик мекемелердин түнү бою күйгөн жарыгын көзөмөлдөгүлө. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!”— деген өлкө башчысы.