Боронов коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылды. Абалы кандай?

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алып, абалы оорлошуп, Бишкектеги бейтапканалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу маалыматты анын жардамчысы журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экс-премьердин абалы азыркы тапта туруктуу канааттандырарлык, дарылануусун улантып жатат. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган деген маалыматты калп деди жардамчысы.

Боронов ушул жылдын июнь айында министрлер кабинетин жетектөөгө келген, ал эми кызматтан 6-октябрда өз каалоосу менен кеткен.