Бостериде аял киши парашюттан түшүп кеткен. Милиция териштирүү жүргүзүп жатат

Ысык-Көл районунун Бостери айылында аял киши парашюттан түшүп кетти. Бул тууралуу black_list.kg жазды. 

Ысык-Көл облустук милициясы видеодогу маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. «Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — дешти.