Кечээ,13-февраль күнү кечинде Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна 4 өспүрүм чыккан. Алардын бири кулап, бутун оорутуп алып тоодон түшө албай калышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп , жардамга муктаж экендигин билдирген. Мындан улам Ысык-Көл райондук ӨКБдан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн. Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.