Бостериде мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып барбаган окуучу Чолпон-Атадан табылды

Ысык-Көлдө мектепке кеткен бойдон үйүнө барбаган 14 жашар өспүрүм милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

19-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Ысык-Көл РИИБге 47 жаштагы Бостери айылынын тургуну кайрылып, анын 14 жаштагы уулу эртеӊ менен мектепке кетип, үйгө кайтпагандыгын билдирген. Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, өздүк курам жаш өспүрүмдү издөөгө тартылган. Издөөдө милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүмдү түн орстосунда Чолпон-Ата шаарынын күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнүн биринде табышты. Жүргүзүлгөн профилактикалык баарлашуудан кийин, өспүрүм ата-энесине кайтарып берилди. Учурда өспүрүмдүн үйдөн ата-энесине айтпай кетип калуусунун жагдайлары аныкталууда.