Бостериде пансионаттарга жете турчу жолдорго асфальт-бетон төшөлүп жатат

Ысык-Көлгө жасаган кезектеги иш сапарынын алкагында жээкте жайгашкан пансионаттарга жете турчу жолдорду оңдоо иштеринен кабар алганын Транспорт министри Тилек Текебаев маалымдады.

«Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан соң, жумушту мөөнөтүнөн кечиктирбестен сапатына басым жасоо менен өз убагында бүткөрүүнү тапшырдым. Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турчу унаа жолуна (1,6 чакырым) мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт-бетон төшөө жумуштары аяктады. Мындан сырткары, “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки унаа жолго асфальт төшөө жумуштары башталды, жолдун жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзөт», — деп жазды ал.

Туризмди өнүктүрүү менен жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо менен катар Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттарга бара турчу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, асфальт төшөө (жалпы 20км чакырым аралыкка) пландалууда.