Ботаникалык бак боюнча жетекчиси үн катты

Буга чейин социалдык тармактарда Ботаникалык бактын былтыр жана быйыл тартылган видеосу тараган. Бул боюнча Бишкек мэриясы маалымат берип, бак муниципалитетке эмес, Илимдер академиясынын карамагында экенин билдирген.

Ал эми Ботаникалык бактын директору Мелис Чакибаев журналисттерге биринчи видео былтыр жазында, чөп жашыл болгон маалда тартылганын айткан. “Азыр ал жакта реконструкция иштери жүрүп жатат. Картайып, куурап калган эски бактарды алганбыз. Азыр күн ысык, чөптөр ошондон куурап калган. Илимий тажрыйбалар жүргүзүлгөн тараптагы бактар жашыл бойдон турат, өз маалында сугарылат”, — деген ал.