Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
«Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды. Эми болсо, аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги ирээтке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт»,- деп жазып, долбоордун видеосу менен бөлүштү.