Соцтармакта Ботаникалык бактын бир гектар жерине кулпунай отургузулган видео тарады.
Мекеменин директору бул илимий максатта жасалган иш экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, изилдөө мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн алкагында өтүп жатат.
“Ишкерлер Европадан көчөт алып келип өстүрүп жатышат, айрымдары өсүп кетет, кээ бири куурап калат. Биз кайсы сорт жакшы өсө турганын текшерип, дыйкандарга сунуштайлы деп жатабыз. Бир жагынан бул бизге да пайда алып келет, мурдагы таштак, чөп басып кеткен жер иштелип жатат. Бул жерде бактар кыйылган эмес, болгон да эмес”, — деди ал.