Бозумчак комбинатына кирип баргандар боюнча териштирүү башталды

Бозумчак комбинатына кирип баргандар боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясы кабарлады.

Маалым болгондой, буга чейин Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» алтын комбинатына жергиликтүү 100дөй жаран барып, талап койгону тууралуу маалымат тараган. Тагыраагы, 28-октябрда саат 14:00 чамаларында Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан кен казуучу ишкананын ичине жергиликтүү 100дөй тургун кирип барып, «айылдын жолун оңдойсуңар, анан иштейсиңер» деген талап койгон.

Бул фактыны Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен каттап, териштирүү иштерин баштаганы жана азыркы учурда аталган аймакта абал туруктуу экени маалым болду.