БШК Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Осмонов Айбек Жапаровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын ыйгарым укуктары өзүнүн арызынын негизинде токтотулган. Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жараксыз деп табылды.