БШК «Азаттык» партиясынын талапкерин тизмеден чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-ноябрда өткөн жыйынында «Азаттык» партиясынан көрсөтүлгөн Сайпидинов Мунарбек Акимжановичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, мындай чечим Сайпидиновдун жеке арызынын негизинде кабыл алынган.