БШК бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин 33 депутатын каттады

БШК бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин 33 депутатын каттады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Комиссия Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарындагы депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Анткени аларда “бардыгына каршы” графасына добуш бергендер эң көп болгон. Бул райондордо кайра шайлоолор өткөрүлөт. Андан тышкары, Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча жыйынтык чыга элек. Жогорку Сот аталган округ боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон депутаттыкка талапкер Медербек Саккараевдин өкүлдөрүнүн Бишкек административдик сотунун чечимине карата кассациялык даттанууну кароого кабыл алды.