БШК бир мандаттуу округдар боюнча кайсы учурда кайра шайлоо өтөрүн айтты

БШКдан бир мандаттуу округдар боюнча кайра шайлоо кандай учурларда жана канча мөөнөттө өткөрүлөрү айтылды.

Маалыматка караганда, эгерде кайсы бир округда жеңүүчү четтетилип калса, БШК жаңы шайлоо өткөрөт. Аны президент бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде дайындайт. Эгерде депутат чакырылыштагы шайлоонун мөөнөтү бүтөөрүнө бир жыл же андан аз убакыт калганда мандатын тапшырган учурда экинчи өнөктүк өткөрүлбөйт.

Ошондой эле эгер сот Ысык-Ата районунун №30 округу боюнча жеңүүчү Акбөкөн Таштанбековду күнөөлүү деп тапса, анда кайра шайлоо ошол жерге дайындаларын түшүндүрдү.