БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жөнөттү

1-июлда «Учкундун» имаратында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү үчүн 611 миң 71 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, 326 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) — 425 миң 532 бюллетень, Ош АШКга – 148 миң 370, Токмок АШКга – 37 миң 169 бюллетень жөнөтүлдү.

«Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери бардык коопсуздук чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлөт. Жараксыздарын алып салгандан кийин 65 килограмм бюллетень жок кылынды», — деп айтылат маалыматта.