БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Дюшембиеваны тизмеден чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дюшембиева Элиза Бакытовнаны талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды.

Буга чейин талапкердин жолдошу добуштарды сатып алган деген шек менен кармалганы маалымдалган. 24-ноябрда УКМК тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Элиза Дүйшөмбиеванын күйөөсү Ырысбек Тойбеков Ысык-Ата районундагы шайлоочуларды сатып алуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын расмий түрдө катталбаган 8 үгүтчүсүнө 40 миң сом бергендиги аныкталганын билдирген.