Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жүрүшү тууралуу жыйында маалымат берди. Саат 17:30га чейин ыкчам чара көрүү кординациялык тобуна жалпы 29 мыйзам бузуу келип түшкөнүн, эң көп мыйзам бузуу Чүй облусунда катталганын билдирди.
Анын айтымында, добуш сатып алуу — 2, административдик ресурс колдонуу — 1, шайлоочуларды ташуу — 1, УШК мүчөлөрүнүн аракети — 6, автоматташтырылган башкаруу системасынын иштен чыгуусу — 9, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу — 1, үгүт шарттарын бузуу — 7 жана башка — 2 арыз катталган. «Эң көп мыйзам бузуулар Чүй облусунда – 11, ошондой эле Баткенде – 4, Бишкек шаарында – 7, Ош – 5, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда – бирден катталды», — деди БШКнын төрагасынын орун басары.
Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылган. Кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктайт.