БШК депутат Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 25-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Сарбагышев Максатбек Канатбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Жогорку Кеңештин депутаты Сарбагышевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Максатбек Сарбагышев 2021-жылы Ысык-Көл округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.