БШК депутаттыкка кѳрсѳтүлгѳн 3 талапкерди каттоодон баш тартты

БШК кечээ, 15-августтагы жыйынында талапкерди каттоо үчүн зарыл документтерди бербегендигине байланыштуу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 3 талапкерди каттоодон баш тартты.

Алар:

Роман Ремнёв (жогорку кесиптик билими жѳнүндѳ документинин жана шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документинин нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсүн бербегендигине байланыштуу);

Назарбек Нышанов (шайлоо фондусун түзбѳгѳндүгүнѳ жана шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документин бербегендигине байланыштуу);

Ильязбек Якубов (шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документин бербегендигине байланыштуу).