БШК депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-июнда Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков сөз сүйлөп, талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Борбордук ички иштер башкармалыгы Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга кайрылуу жолдоду.

Жыйындын жыйынтыгында БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болушту.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева 35,83% добуш менен алдыга чыккан.