БШК добуштарды кайра санап чыгууну каалаган партиялар кайсылар экенин айтты

7-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «канча партия бардык шайлоо тилкелерин ачып, кайра санап чыгууну талап кылды?» деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, 7 партия кайра саноо керектигин билдирген. Жарыяланган маалыматтар менен таанышкандан кийин бир партия баш тартканын оозеки айтышканын кошумчалады. Алар кайсы партиялар экенин атады. Алар: «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ынтымак», «Ишеним», «Азаттык» жана «Эл үмүтү» партиялары.