БШК эмне үчүн 7-чакырылыштын депутаттарын каттоону токтотконун айтты

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотто 4 арыз каралып жатат. Бул тууралуу төрайым Нуржан Шайлдабекова отурумда билдирди. 

Анын айтымында, ошол үчүн 7-чакырылыштын депутаттарын каттоо токтогонун айтты.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. 15-декабрда БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарган.