БШК жасалма диплом боюнча депутат Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыратты

Бүгүн, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фарходбек Алимжановдун каттоосун жокко чыгарды.

БШКнын чечими менен анын депутаттык мандатына байланыштуу чечимдер жокко чыгарылды. БШК анын жогорку окуу жайды бүтүргөнү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын уккандан кийин ушундай бүтүмгө келген. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган.