БШК жергиликтүү кеңешке талапкерлер үчүн окутууларды өткөрүп жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону ишенимдүү жана ачык айкын өткөрүү максатында талапкерлерге окуутуларды баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы БШКнын алгачкы окутуулары Талас жана Токмок шаарларында болуп өткөн. Анда талапкерлике коюу ишенимин билдирген партиялардын өкүлдөрү шайлоого катышуунун мыйзамдуу негиздери жана алдыда өтө турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгышкан.

Ошондой эле мекеменин окутууларында талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жоболору, шайлоо компаниясын каржылоонун жоболору, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, жана БШКнын «Электрондук талапкер» ресурсу тууралуу маалыматтар берилет.

БШКнын бул окутуусун шаардык кеңештердин баарында өткөрөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.