БШК жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кайрымдуулук иштерге катышпай турууну суранды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
«Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялар жана талапкерлер Баткен облусунун тургундарына кайрымдуулук жардам көрсөтүүсү жөнүндө келип түшкөн билдирүүлөргө ылайык, Бишкек АШК шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин токтото туруууну көптөн көп суранат», — деп айтылат маалыматта.