Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 1-февралдагы жыйналышында талапкерди каттоо үчүн мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербегендиги үчүн №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына төмөнкү 4 талапкерди каттоодон баш тартты:
- Асанбеков Жаныбек Асанбекович, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөн. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;
- Жоробеков Азаматбек Жолборсович, №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөн. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;
- Керимбеков Бакыт Макенович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;
- Мамбеталиев Данияр Нурланович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды.