БШК: «Кайра шайлоонун дайындалышына негиз жараткан жаран кайра шайлоого катыша албайт»

«Кайра шайлоонун дайындалышына негиз жараткан жаран кайра шайлоого катыша албайт». Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

16-июнда БШК Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоо 28-майда өткөн. Эгерде шайлоо жараксыз деп табылса, Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде кайталап шайлоону дайындайт, ал эки айдын ичинде өткөрүлөт. Ленин районунда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

Эске салсак, мандатын тапшырган мурдагы депутат Жаныбек Абиров кечээ өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып, катталуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берген. Алардын арасында Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууга болгон ниети тууралуу билүүнү каалагандар болгон.

«Мага 1 жума мурун Ленин районунун жашоочулары кайрылган. Азыр ойлонуп жатабыз. Команда, үй-бүлөдө сүйлөшүү болуп жатат. Бул чечим оңой болбойт»,- деген ал.