БШК «Клоопко» парламенттик шайлоого байкоо салууга тыюу салды

Борбордук шайлоо коммисиясы «Клооп Медиа» коомдук фондуна 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоону байкоого уруксат берген жок. БШК аталган чечимди 5-ноябрда кабыл алган. Коомдук фонддун айтымында, чечимдин каты «Клоопко» 8-ноябрда гана жеткирилген.

БШК өз чечимин Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянуу менен чыгарганын билдирген. Анда шайлоонун жүрүшүн байкоого, уставында бул тууралуу көрсөтүлгөн гана уюмдардын укуктары бар экени айтылган. Ал эми «Клооп» бул аракетти «Конституцияга каршы келет» жана «ооздуктоо аракети» деп баалоого болорун айтышты.