БШК Нуржигит Кадырбековдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-августтагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кадырбеков Нуржигит Кадырбековичтин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Депутат Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Ал 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыккан. Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат. Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 миллион 104 миң 524 доллар түшкөн. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 миллион 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон. Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алган.