БШК: «Парламенттик шайлоо ноябрь айынын аягына белгилениши мүмкүн»

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү ноябрь айына белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин отурумунда белгилүү болду.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда эл өкүлү Марлен Маматалиев «президентти жана парламент депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу добуш берүү датасы өзгөртүлүшү мүмкүнбү?» деп сурады.

«Алдын ала парламенттик шайлоо 31-октябрда болот деп билдиришти. Программалык камсыздоо бир айга созулат деп жатасыз. Бул шайлоо ноябрь айына жылдырылды дегенди билдиреби?» — деп сурады.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүн экенин айтты.