БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

Бүгүн, 15-декабрда БШК жыйынында парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка караганда, 21 партиянын ичинен босого чектен 6 партия өттү.

Жеңишке жеткен алты партиянын алган мандаты төмөндөгүдөй:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат;
«Ишеним» — 12 мандат;
«Ынтымак» — 9 мандат;
«Альянс» — 7 мандат;
«Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат;
«Ыйман нуру» — 5 мандат.

Аларга 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы урнадан алынган маалыматтар менен кол санактын маалыматтары дээрлик бирдей экендигин белгиледи.