БШК партиялардан парламенттик шайлоого катышууга билдирме кабыл алууну токтотту

Саат 18:00дө БШК партиялардан парламенттик шайлоого катышууга билдирме кабыл алууну токтотту.

Соңку маалыматтарга караганда, билдирме берген партиялардын саны 70тен ашкан. Так саны учурда такталууда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.