БШК Салымбеков менен Тыналиевди жеңүүчү деп тапты

Кечээ, 4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жеңүүчү деп тапты. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушун, Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%). Боршайком бул шайлоолорду өттү деп тааныды.

30-июнда Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Ноокат округу боюнча БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.