БШК саясий партияларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жаңы эрежелери тууралуу айтып берди

30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча саясий партиялар менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда партияларга талапкерлерди көрсөтүү процессине жана шайлоону өткөрүүнүн тартибине байланыштуу мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди.

Алсак «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ѳзгѳртүүдѳ саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, жергиликтүү кеңешке мандаттардын санына барабар санда талапкерлерди көрсөтүү (мурда бир жарым эсе көп) боюнча нормалар бар. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жоюлду, бул жарандардын кеңири катмарынын катышуусун жеңилдетет. Фонддор үчүн финансылык ачык-айкындуулуктун бардык эрежелери ошол эле бойдон калууда. Башка айтканда шайлоо фонддорунун бардык чыгашалары менен кирешелери ачык кѳрсѳтүлѳт.

Талапкерлердин тизмелерин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөр 70 пайыздан ашпоосу керек, ал эми тизмеде аялдар менен эркектердин ортосундагы кезектүүлүктүн айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш, кеминде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир талапкер киргизилиши керек.

Шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештерине — саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Талапкерлерди көрсөтүү аймактык шайлоо комиссиясына милдеттүү түрдө алдын ала кабарлоо менен партиянын съезддеринде же конференцияларында жүргүзүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт.

Саясий партиянын бирдиктүү шайлоо округуна же көп мандаттуу шайлоо округуна талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, 2024-жылдын 7-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, башкача айтканда 2024-жылдын 18-октябрына чейин аяктайт.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00гө чейин, талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 28-октябрына чейин аяктайт.

Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө жана мыйзам бузуулар үчүн тараптардын жоопкерчилиги тууралуу жаңы эрежелердин бар экенинин айтуунун зарылдыгы бар. Ошентип, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашырууга катышууга жол берилбей турган адамдардын тизмесине кошулду.

Ошондой эле депутаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, 30 проценттен ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар юридикалык жактарды жана алардын бѳлүмдѳрүн кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер шайлоого катышкан учурда ыйгарым укуктарын толук токтотуу боюнча жаңы талаптар киргизилген.

Шайлоо 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинен 33 шаардык кеңешке жана 231 айылдык кеңешке дайындалган.

Республика боюнча мандаттардын саны 6384 түзѳт, анын ичинен шаардык кеңештерде – 993, айылдык кеңештерде – 5391.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 56 аймактык шайлоо комиссиясы жана 2438 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт.