БШК шайлоодо президенттин бюллетенин сүрөткө тарткан адамды жоопко тартпайт. Себеби…

БШК шайлоо күнү, 28-ноябрда президент Садыр Жапаровдун бюллетенин сүрөткө тартып алган журналиcтти жоопко тартуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алар добуш берүүнүн купуялуулугун бузууну көрбөгөндүктөн дал ушундай чечим кабыл алды. Бул жоопкерчиликти талап кылат, бирок жалпыга маалымдоо каражаттары тилкедеги белгилүү бир аралыкта сүрөткө тартууга укугу бар. 

Сүрөттөн президент №18 “Эл үмүтү” партиясына жана бул партиядан №49 талапкер – президенттик аппараттын катчылыгында эксперт болуп иштеген Иманбек кызы Бактыгүлгө добуш бергенин көрсө болот. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Равшан Жээнбеков үчүн добуш бергени да көрүнүп калган.