Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын «Социал-демократтар» партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тартуу чечими боюнча ЖМКлардан түшкөн суроолорго жооп катары төмөнкүлөрдү билдирди.
«Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын «Социал-демократтар» партиясынын каттоосун жокко чыгаруу чечими, ошондой эле бул чечимге карата «Социал-демократтар» партиясынан доо арызы БШКга түшкөн эмес. Тиешелүү документтер келип түшсө, БШК аларды белгиленген тартипте карайт», — дешти.
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-демократтар» партиясынын маселеси каралып, партияны Бишкек шаардык шайлоосунан четтетүү чечимин кабыл алганы маалымдалган.