БШК Талант Мамытовду талапкер катары партиянын тизмесине киргизди

БШК Талант Мамытовду “Ынтымак” партиясынан талапкерлердин тизмесине кайра киргизди. Мындай чечим жыйында кабыл алынды.

Талант Мамытов спикерликтен кеткени, жан сакчылардан, кызматтык унаадан баш тартканы жана анын пайдасына соттун чечими бар экендиги эске алынган. Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алар да, БШК да соттун өкүмүнө макул эместигин, шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрда гана чыгарыла тургандыктан, Мамытовдун ыйгарым укуктарын 29-ноябрга чейин токтото туруу логикасын түшүнбөй турганын белгиледи. «Биз дагы эле талапкерден мыйзамдын нормаларын туура түшүнүп, чечмелөөсүн күтөбүз», — деди ал.

Буга чейин 24-октябрда БШК Талант Мамытовду мыйзамдын негизинде каттоодон баш тарткан, ага ылайык, парламент жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар мандатын тапшырышы керек болчу.