БШК Токон Мамытовду “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-августтагы жыйынында Мамытов Токтокүчүк Болотбековичти “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан [ЖКнын жетинчи чакырылышынын депутаттыгына] катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, мындай чечим Мамытовдон түшкөн арыздын негизинде кабыл алынган.

Мамытов 10-сентябрга белгиленген Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышууда.