БШК Ысык-Ата райондук шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Акбөкөн Таштанбеков депутат болду

БШК №30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Ал жалпы элдик добуштардын 16,06 пайызын алган. 

6-декабрда УКМК маалымат таратып, Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Андан кийин БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.