Кечээ, 28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Алар экс депутаттар Шайлообек Атазов, Жалолидин Нурбаев жана Болотбек Дүйшеналиев менен дин ишмери Гүлсара Каримовал.
Талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча БШКнын жумушчу тобу Шайлообек Атазовду уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары каттоодо 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы аныкталды деп билдирди. Андан сырткары Атазов өткөн жылы Кыргызстандын чегинен тышкары 260 күн жүргөн деп аныктаган.
Ал эми №5 шайлоо округунан талапкер катары арыз берген Жалолидин Нурбаевди мурдагы кылмыш иштеринин кыскартылгандыгына байланыштуу каттоодон баш тартышкан. Маалыматка ылайык, Нурбаевге карата 2006- жана 2021-жылдары козголгон кылмыш иштери кыскартылган.
БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоосуна дагы бир талапкерди каттоодон баш тартты. Ал №14 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев. Аны куралдуу бандага тиешеси бар адам катары 14 жылдан бери каттоодо турган деп кабарлашты.
БШК каттоодон баш тарткандардын арасында дагы бир талапкер диний ишмердүүлүгү үчүн деп түшүндүрүлдү. Жумушчу топ №12 көп мандаттуу шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн Гүлсара Каримованын “Келечек Умма” диний уюмунун 2022-жылы мүдүрлүгүнө дайындалгандыгын аныктаган. Мындан сырткары Каримованын “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борборунун директору кызматын 2023-жылдан 2025-жылга чейин аркалап келгени тастыкталган.
Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган жарандар укуксуз.
Бирок коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар жана жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар эсепке алынбаганда деп жазылган мыйзамда.