БШКнын алдында шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг кайрадан өтүп жатат

Бүгүн, 13-апрелде БШКнын имаратынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 8 саясий партия кайрадан митингге чыкты.

Алардын айтымында, бийликке кайра эле бакиевдик адамдар келип жатышат.

«Биз муну азыртадан айтпасак, кийин кеч болуп калат. 3 күндөн бери муну айтып, элге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Оштогу митинггди да колдойбуз. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз», — дешти алар.

Мындан тышкары, алар өлкөдө мыйзам бар экенин, бирок иштебей жатканын айтышты.

«Биз шайлоодон кийин кимдер өткөнүн көрдүк. 5-октябрда башаламандык кимдин айынан чыкса, ошолор өтүптүр. Алар мандат алуу үчүн миллиондогон акча коротушту. Аларга мунун эмне кереги бар эле? Албетте, алар коротконун кайра чыгарып алыш керек да. Урматтуу, Садыр Жапаров, менин оюмча бул абалды сиз жөнгө саласыз деп ишенебиз», — дешти алар.