БШКнын алдында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг өтүп жатат

Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолордун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялардын митинги өтүп жатат.

Нааразычылык акциясына «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын жана «Уулу-Журт» саясий бирикмесинин өкүлдөрү чыгышкан. Алар колдорунда «БШК, эл менен болгула», «Биз ыплас шайлоонун жыйынтыгына макул эмеспиз!» деген плакаттарды көтөрүп турушат. 

Буга чейин 9 саясий партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктары менен макул эместигин жана митингге чыгуу ниетин билдиришкен. Митингчилер Борбордук шайлоо комиссиясынан туура чечим кабыл алып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда.