БШКнын алдында шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүп жатат

БШКнын имаратынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар митингге чыгышты.

Алардын айтымында, кечээ өткөн шайлоо ачык-айкын өткөн жок. Учурда алар дагы башка партиялардын лидерлерин жана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон шаар тургундарын митингге кошулууга үндөп жатышат.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Илгиз Осмоновдун айтымында, биз тарыхтан сабак алган жокпуз.

«Бул эң ыпылас шайлоо болду. Шайлоонун элге кызыгы жок болуп калды. анткени элде ишенич кетти. Карантин киргизебиз деп жатышат. Карантиндин бир максаты — элди ачка калтыруу. Дегеним, «күзүндөгү шайлоо учурунда элге эмне берсе ошого макул болуп, шайлап берет»,- деп ойлоп жатышат. Андыктан биз азыркы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз»,- деди ал.