БШКнын жумушчу тобу Исхак Масалиевди талапкер катары каттоодон баш тартты

БШКнын жумушчу тобу Исхак Масалиевди депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты. Буга чейин анын Биринчи Май шайлоо округу боюнча шайлоого аттанганы маалым болгон.

Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына БШКнын жумушчу тобу ага кат жазганын билдирди. «Бул мыйзамсыз жана негизсиз. Сотко берип, туура экенимди далилдегим келбейт, анткени мыйзамсыздык азыр кадыресе болуп калды. БШКнын төрайымы менен сүйлөштүм, ал да жумушчу тобунун пикири туура экенин айтты. Аны президент да сыйлай тургандыктан, бул талаштын аягы кандай болорун болжолдоо кыйын эмес», — дейт Масалиев.