БШКнын мүчөсү бирдиктүү шайлоо округу боюнча кол санак бүгүн кечке чейин жарыяланарын айтты

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуштарды кол менен саноо бүгүн кечке чейин аягына чыгып калат деген ишенич бар. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндөгү түз эфирде БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, протоколду сайтка киргизип жаткандар күнү-түнү иштеп жатышат. «Кыргыз эли, коомчулук да туура түшүнүшү керек. Мурда билесиздер 16 партия чыкса, азыр бир мандаттуу округдар боюнча да чыгып калды. Мурда партияларды эле санап койчу, азыр ичиндеги ар бир талапкердин добушу саналып жатат. 1015 талапкер бар. Ошонун баарын киргизип жатат. Добуш албаса, нөл деп киргизет экен. Ошондон кармалып калды. Бирок бүгүн кечке чейин жыйынтык чыгат деген ишенич бар», — деди ал.