БШКнын мүчөсү: «Депутаттын диплому мыйзамдуубу же жокпу, биз аны текшербейбиз»

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Биринчи радионун» эфиринде «2 депутаттын диплому жасалма экени кантип билинди» деген суроого жооп берди.

«Бизде шайлоо өнөктүгү башталганда талапкер документтерин тапшырат. Паспорттун көчүрмөсү, жогорку билими боюнча диплому, банктагы эсеби жана күрөө. Биз дипломдун көчүрмөсүн алып, электрондук портал менен текшеребиз. Базада барбы же жокпу карайбыз. Бар болсо каттай беребиз. Ал эми анын мыйзамдуулугун укук коргоо органдары текшерет. Аны биз текшербейбиз», — деди ал.