Узарбек Жылкыбаев: «Добуштарды кол менен саноого мөөнөт коюшкан эмес»

Мыйзам өзгөргөнгө чейин добуштарды эртең мененки саат алтыга чейин санап бүтүшү керек убактысы бар болчу. Бул мыйзамды кабыл алып жатканда депутаттар мөөнөттү алып коюшкан. Анткени узакка созулуп кетерин билишкен. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндөгү түз эфирде БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

«Буга мөөнөт коюлбаптыр. Жаңы сунуш болдубу, жаңы ыкма болдубу, аларды билбесе керек. Ошондуктан мөөнөтүн койгон эмес экен. Аны БШК өзү эле коюп албайт да, бул мыйзам. Шайлоого даярдык маалында партиялар жана алардын өкүлдөрү менен бир топ тренингдерди өткөргөнбүз. Анан бүгүн эле биз билбей калыптырбыз, байкоочубуз кетип калыптыр деп кайрылып атышат да. Андай болбойт да. Мыйзамды билбей калдым деген жок да», — деди ал.