БШКнын мүчөсү добуштарды саноонун тартибин түшүндүрдү

Бүгүн, 3-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндө БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев добуштарды саноонун тартибин түшүндүрдү.

«Саат 20:00дө шайлоо тилкелердин эшиги жабылат. Анан урнадан чектерди алышат. Аны ар бир байкоочуга берет. Калып калган бюллетендерди жокко чыгарышат. Четин кайчы менен кесет да өзүнчө коет. Анан автоматтык эсептөө урнасын ачат да санап бүтөт. Протокол түзүлүп, ар бир байкоочуга көчүрмөсү берилет. Аны сейф баштыктарга салышат. Анан гана партиялыкты ачат. Бир мандаттууну эле санап бүткүчө түнкү саат 12-1 болот да. Алдын ала жыйынтык чыга баштайт. Бирок кол санак мыйзамдуу деп эсептелет. Автоматтан чыккан жыйынтык бул алдын ала. Анан партиялардыкы саналат. 21 партия менен баары каршы позициясы менен 22ни санап чыгат. Ар бир партияныкын өзүнчө коет. Анан партиянын ичинен ар бир талапкердики саналат. Анан талон менен кол санактыгын алып, бири-бирине салыштырса болот. Ошентип эле келишкен, ошондой эле болот», — деди ал.