БШКнын төрайымы серверге кимдер кире аларын айтты

Бүгүн, 1-декабрда БШКда парламенттик шайлоонун чуулуу алдын ала жыйынтыгына байланыштуу жыйын өтүп жатат. Жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага «сервердин ачкычы кимдин колунда?» деген суроо берилди.

«Биздин тийиштүү жоопкерчиликтүү кызматкерлерде. Биздин атайын жоопкерчиликтүү башкармалык бар. Ошол жоопкерчиликтүү кызматкерлерде. Ал жерге бир киши кире албайт. Бизде коопсуздук регламент мыйзамга ылайык сакталат. Башка эч ким кире албайт», — деди ал.